Контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилген чет элдиктерге эмнелерге тыюу салынат?

Реестрге киргизүү бир катар тыюуларды киргизет.

Тыюулардын тизмеси:

- Ички иштер министрлигинин уруксатысыз көчүп кетүүгө жана Россияда жашаган калктуу конуштун чегинен тышкары чыгууга

- Үйлөнүүгө же турмушка чыгууга

- 30 000 рублдан ашык накталай акча алууга

- Мамлекеттик алымдарды жана айып пулдарды төлөөдөн тышкары, банктык эсеп ачууга жана банктык операцияларды жүргүзүүгө

- Уюмдарды каттоодон өткөрүүгө жана жеке ишкер болууга

- Кыймылсыз мүлк сатып алууга жана аны Росреестрде каттоодон өткөрүүгө

- Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууга

- Транспорт каражаттарын башкарууга

- Транспорт каражаттарын сатып алууга

- Транспорт каражаттарын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо мамлекеттик инспекциясында каттоодон өткөрүүгө

Ошондой эле Россияда мыйзамсыз жүргөн жашы жете элек чет элдиктерди мектептерге жана бала бакчаларга кабыл алуу мүмкүн эмес.