Мында ВНЖ ээси өз өлкөсүнүн жараны бойдон калат. Ал жыл сайын Ички иштер министрлигине (ИИМ) Россияда жашагандыгы жөнүндө билдирип турушу керек. Эгерде бул жана башка шарттар бузулса, ВНЖ жокко чыгарылышы мүмкүн.
ВНЖ — бул убактылуу жашоого уруксатты (РВП) алгандан кийинки Россиянын жарандыгын алуунун экинчи этабы.
Жалпы негизде чет өлкөлүк жаран адегенде РВП алат, андан кийин ВНЖ алат. ВНЖ боюнча Россияда 5 жыл жашагандан кийин жарандыкка арыз тапшырса болот.