Убактылуу жашоого уруксатты алгандан кийин 7 жумушчу күндүн ичинде жашаган жери боюнча катталуу керек. Эгерде мөөнөткө жетпей калсаңыз, 2 000ден 5 000 рублга чейин айып пул салынып, РФдан чыгарылышы мүмкүн.
Эгерде жашаган жери боюнча катталууга мүмкүнчүлүк жок болсо, турган жери боюнча каттоодон өтүңүз.
Убактылуу жашоого уруксаттын ээси жыл сайын РФда жашагандыгын тастыктоо жөнүндө билдирүү бериши керек.
Убактылуу жашоого уруксатты алгандан бери туура бир жыл өткөн күндү аныктаңыз. Бул күндөн кийин 2 айдын ичинде Ички иштер министрлигине кайрылыңыз.
Билдирүүгө киреше жөнүндө маалымкатты, салык декларациясынын көчүрмөсүн же убактылуу жашоого уруксатты алгандан берки бир жыл ичиндеги кирешеңиздин өлчөмүн жана булагын тастыктаган башка документтерди тиркеңиз.
Эгерде билдирүүнү өз убагында бербесеңиз, 2 000ден 5 000 рублга чейин айып пул салынып, РФдан чыгарылышы мүмкүн.