Убактылуу жашоого уруксат 3 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Аны узак мөөнөткө узартууга болбойт.
Документтин мөөнөтү аяктагандан кийин чет өлкөлүк жаран төмөнкүлөрдү тандоосу керек:
* РФда жашоого уруксатты жол-жоболоштуруу. Документтерди убактылуу жашоого уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 айдан кечиктирбестен тапшыруу керек.
* Россиядан чыгып кетүү, кайра кирүү жана убактылуу жашоого уруксатты кайрадан алуу.
* Россиядан чыгып кетүү.
Бул эрежелерди бузгандыгы үчүн 2 000ден 5 000 рублга чейин айып пул салынып, РФдан чыгарылышы мүмкүн.
Убактылуу жашоого уруксат эмне үчүн керек:
* Жеке ишкер катары каттоодон өтүү үчүн.
* Убактылуу жашоого уруксаттын мөөнөтүнө жашаган жери боюнча каттоодон өтүү үчүн.
* РФда жашоого уруксат алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн.