Эгер сизди полиция кармап кетишсе, эмне кылуу керек

*  Полиция кызматкерине каршылык көрсөтүүгө же качууга болбойт.

*  Пара сунуштоонун кереги жок — бул үчүн оңой эле түрмөгө түшүп калышыңыз мүмкүн.

* Сабырдуу болуңуз: Дүрбөлөңгө түшпөңүз жана ачууланбаңыз. Сабырдуулук сиздин пайдаңызга иштейт.

* Ким экениңизди тастыктаңыз: Атыңызды жана фамилияңызды так айтыңыз.

* Укуктарыңызды билиңиз: Сизге эмне себептен кармалганыңызды сураңыз. Адвокат жалдап, анын кеңешин алууга укугуңуз бар экенин билиңиз.

Адвокат талап кылыңыз: Эгерде сизге адвокат керек болсо, дароо талап кылыңыз. Адвокат келгенге чейин эч кандай суроолорго жооп бербеңиз

* Эч нерсеге кол койбоңуз: Адвокатыңыз менен кеңешмейинче эч кандай документке кол койбоңуз

* Күбөлөрдү издеңиз: Эгерде окуяга күбө болгондор болсо, алардын аты-жөнүн жана байланыш маалыматтарын жазып алыңыз.

Кармалгандан кийинки алгачкы үч сааттын ичинде сизге жакындарыңызга эмне болгонун айтып берүү үчүн телефон чалууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Телефон чалуу учурунда алардан сиздин кызыкчылыктарыңызды коргой ала турган котормочу жана юрист менен байланышууну сураныңыз. Мыйзам боюнча сизде бул укук бар.

Кармалгандан кийин полиция кызматкери протокол түзүүгө милдеттүү. Бул документте сиздин жана полиция кызматкеринин маалыматтары, күнү, убактысы, орду, себеби жана кармоо шарттары камтылышы керек. Текстти окумайынча эч качан эч нерсеге кол койбоңуз. Эгер тилди начар билсеңиз жана протоколдо эмне жазылганын түшүнбөсөңүз, котормочу берүүнү талап кылыңыз.

Эгер сиз мыйзамды бузган жокмун деп ойлосоңуз же полиция кызматкери кырдаалды туура эмес сүрөттөсө, анда бул тууралуу протоколго сөзсүз түрдө жазыңыз. Андан кийин документке кол койсоңуз болот. Бош саптарды сызып салыңыз, ошондо полиция кызматкерлери кийинчерээк сиздин билимиңизсиз аларга бир нерсе жазып коё алышпайт.

Жаныңызда керектүү документтер болгондо, полиция кызматкерлери аларды текшерүүнү талап кылыңыз. Мында кармалгандардан кагаздарды алып коюу мыйзамсыз: полиция кызматкерлери алар менен сиздин көзүңүзчө иштөөгө милдеттүү. Ошондой эле алар телефонду тартып алууга укугу жок.

Эгер кармоо учурунда жаракат алсаңыз же бөлүмдө өзүңүздү жаман сезсеңиз, сизге биринчи медициналык жардам көрсөтүлүшү керек.

Кармалган учурдан тартып эки сутканын ичинде полиция кызматкерлери сизди коё бериши же сотко жеткириши керек. Сот сизди актай алат же административдик жаза дайындай алат. Соттук териштирүү учурунда сиздин адвокатка же котормочуга укугуңуз бар.

Эреже катары, биринчи жолу мыйзам бузганы үчүн өлкөдөн чыгарышпайт, бирок айып пул салышат — аны төлөөнү унутпаңыз.