Депортация режими деген эмне?

Россияда мыйзамсыз жүргөн адамдар көзөмөлдөнгөн адамдардын реестрине киргизилет.

 Реестрге төмөнкү учурларда кирүүгө болот: 

*   Россиянын аймагында убактылуу болуу же убактылуу жашоо мөөнөтү аяктаса;

*   Мамлекеттик органдар адамдын Россияга кирүү эрежелерин бузганын жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөнүн аныктаса;

*   Виза же убактылуу жашоого же болууга уруксат жокко чыгарылса;

*   Качкын же убактылуу башпаанек катары таануудан баш тартуу алынса;

*   Административдик укук бузуу үчүн өлкөдөн чыгаруу түрүндө жаза дайындалса;

*   Чет элдик жарандын же жарандыгы жок адамдын Россияда болушу каалабаган деп таанылса;

*   Россия Федерациясынын жарандыгын берүү жөнүндө чечим жокко чыгарылса;

*   Соттун чет элдик жаранды же жарандыгы жок адамды кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таануу жөнүндө өкүмү күчүнө кирсе.

 

Сиздин атыңыз реестрде бар же жок экенин "Госуслуги" порталынан онлайн текшерсеңиз болот.

Полиция реестрге кирген адамдын турган жерин аныктоого, аны кармоого, бөлүмгө жеткирүүгө, манжа изин алууга жана Россиядан чыгып кетүү тартибин аныктоого укуктуу.

Реестрден чыгууга болот. Бул үчүн өлкөдө болуунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу же тизмеге кирүү мыйзамсыз болгонун далилдөө керек. Мисалы, сотто өлкөдөн чыгаруу жөнүндө токтомго даттануу же өлкөдө убактылуу болууга уруксатты узартуу.