Эгер сиз иштеп баштаган болсоңуз, бирок сиз менен келишим түзүлбөсө, эмне кылуу керек?

Жумуш берүүчү же заказчы менен сүйлөшүү керек. Россия Федерациясынан айып пул же депортация албаш үчүн сизге мыйзамдуу жумуш керек экенин түшүндүрүңүз.

Эгер эмгек келишимин түзгүсү келбесе

Көзөмөл органдарына арыздана турганыңызды эскертиңиз. Жетекчиге ага кандай жоопкерчилик жүктөлөрүн билдириңиз. Мисалы, келишим түзбөстөн ишке киргизүү үчүн 20 миң рубль айып пул салынышы мүмкүн, ал эми документтерди тариздөөдөн качкандыгы үчүн - 100 миң рубль.

Эсиңизде болсун, эгерде сизде келишим жок болсо, анда иш берүүчү тарабынан алданып калсаңыз, мисалы, айлык акыңызды төлөбөсө, анда бир нерсени далилдөө кыйынга турат.

Ниетиңиздин олуттуулугун далилдөө үчүн, жетекчиге келишим түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты тапшырсаңыз болот.

Керектүү документтер толтурулгандан кийин, сизге бардык иштеген күндөрүңүз үчүн эмгек акы төлөнүшү керектигин унутпаңыз.

Эгерде алар жарандык-укуктук келишим түзгүсү келбесе

Бул келишимдин түрүнө кол коюуну талап кылуу кыйыныраак болот, анткени эмгек инспекциясы мындай учурлар менен алектенбейт.

Маселени чечүү үчүн, заказчы менен кырдаалды талкуулап, эгерде ал керектүү документтерди даярдоодон качса, анда жумуштан баш тартаарыңызды эскертиңиз. Кээде бардык эрежелер боюнча кызматташууга макул болгон жаңы жумуш берүүчү табуу эң оңой болот.