Россия мамлекеттик органдардын сайттары — тизме

Мамлекеттик органдар

Мамлекеттик кызматтардын расмий порталы

 https://www.gosuslugi.ru/

"Мамлекеттик кызматтар" сервиси мигранттар үчүн жеткиликтүү болуп, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө жардам берет. Ал ар кандай маалымкаттарга заказ берүүгө, туугандарын кирүүгө чакырууну жол-жоболоштурууга чейинки кызматтарды алууга, доктурга жазылууга жана башка көптөгөн нерселерге мүмкүндүк берет.

Көп функционалдуу борборлор "Менин документтерим" (МФЦ)

 https://md.mos.ru/

"Менин документтерим" борборлорунун Москва сайты, анда сиз ар кандай мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде миграциялык эсепке алуу жана жашаган жери боюнча каттоо менен байланышкан кызматтарды алуу үчүн жазыла аласыз. 

Полиция

 мвд.рф

Коомдук тартипти коргоо боюнча орган. Сиздин коопсуздугуңузга коркунуч туулса, ошондой эле эгерде сиз кылмыштын күбөсү болуп калсаңыз, бул жакка кайрылууга арзыйт. Сайтта сиз ИИМдин керектүү бөлүмүнө кайрылуу жөнөтө аласыз, өзүңүздүн участкалык милиционериңиздин аты-жөнүн жана жакынкы милиция бөлүмүнүн дарегин биле аласыз. 

Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгы

проверки.гувм.мвд.рф

Бул ведомствого жарандык, жашоого уруксат жана убактылуу жашоого уруксат алуу менен байланышкан маселелер боюнча кайрылсаңыз болот. Мисалы, Россия Федерациясынын жарандыгын алуу боюнча арыздын статусун онлайн текшерүүгө мүмкүнчүлүк бар.

РФнын Башкы прокуратурасы

 epp.genproc.gov.ru/web/gprf

Бул Россия Федерациясынын Конституциясынын, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн органдардын бирдиктүү системасы. Сиз бул жакка өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды коргоого тиешелүү болгон ар кандай укуктук маселелер боюнча кайрылсаңыз болот. 

РФнын Тергөө комитети 

sledcom.ru

Россиянын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү инсанга каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштар (өлтүрүү, зордуктоо, уурдоо), коомдук коопсуздук жана мамлекеттик бийлик жөнүндөгү кылмыш иштерин тергейт. Сиз тергөө башкармалыгына кылмыш жөнүндө арыз же чиновниктердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттануу менен кайрылсаңыз болот.

РФнын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык кызматы (Роструд)

 rostrud.ru  

Орган жумушчулардын укуктарын жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт, ошондой эле эмгек чөйрөсүндөгү бузуулардын алдын алуу менен алектенет. Сиз бул жакка жумуш издөөгө жардам сурап, ошондой эле эгерде сиз жумушчу же иш берүүчү катары сиздин укуктарыңыз бузулуп жатат деп эсептесеңиз, кайрылсаңыз болот.

РФнын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү

ombudsmanrf.org

Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин массалык же одоно бузулушу учурларында жардам көрсөтөт. Бул жерде сиз мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерине же аракеттерине даттана аласыз.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызмат (Росздравнадзор)

roszdravnadzor.gov.ru

Орган медициналык мекемелер жардам көрсөтүүнүн белгиленген тартибин сакташабы, жокпу, көзөмөлдөйт. Эгерде доктурга кайрылууда көйгөйлөр жаралса, мисалы, сизди ооруканага кабыл алуудан баш тартышса же кабыл алышса, бирок эч кандай жардам беришпесе, бул жакка кайрылсаңыз болот.

Россия ИИМинин Мамлекеттик автоинспекциясы (ГАИ)

госавтоинспекция.рф

Мамлекеттик автоинспекция жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Бул жакка айдоочулук күбөлүктү жол-жоболоштурууга байланышкан ар кандай маселелер боюнча кайрылсаңыз болот. Дагы МАИ менен байланышуу керек, эгерде сиз жол кырсыгынын күбөсү же катышуучусу болуп калсаңыз.