Эгерде сиз "Госуслуги RuID" аркылуу алдын ала электрондук арыз бербесеңиз жана QR-код албасаңыз, анда сизди өлкөгө киргизбейт. Ошол сыяктуу эле, тиркеме аркылуу кирүүгө баш тартуу алсаңыз дагы киргизилбейт. Ошондой эле, биометрикалык маалыматтар дал келбеген учурда кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Эгерде чет өлкөлүк жаран контролдонуучу адамдардын реестринде турса же коомдук тартипти одоно бузууга шектелсе, анда аны Россияга киргизбейт.
2025-жылдан тарта болуу эрежелери да өзгөрдү: 1-январдан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде болуу мөөнөтүн узартууга мыйзамдуу негиздер болбосо, календардык жыл ичинде Россияда 90 күндөн ашык боло алышпайт (мурда алар өлкөдө 180 сутканын ичинде 90 күн боло алышчу).
2025-жылы Россия Федерациясында миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырган ченемдик укуктук актылар күчүнө кирди. Мисалы, чет өлкөлүктөр эми Россиянын жараны менен никеге туруу үчүн квотадан тышкары Россияда убактылуу жашоого уруксатты, эгерде мыйзамдаштырылган мамилелер үч жылдан кем эмес созулса же алардын жалпы баласы болсо гана ала алышат. Ошол эле учурда, эгерде нике бузулса же сот тарабынан жараксыз деп таанылса, ошондой эле эгерде чет өлкөлүк ата-энелик укуктарынан ажыратылса, аларда чектелсе же баланын туулгандыгы жөнүндө актыдан чыгарылса, анда уруксат жокко чыгарылышы мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе, Россия Федерациясынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр кыргызстандыктардын Россиянын эмгек рыногуна жетүүсүн чектебейт. Евразия экономикалык союзунун негизги принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары эмгек рыногуна эркин жана тең укуктуу жетүүгө ээ.