Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери

2025-жылдын 30-июнунан тарта Россияда чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнүн жаңы эрежелери киргизилет. Эми чек арадан өтүү үчүн атайын QR-код талап кылынат, аны алдын ала алып, өткөрүү пунктунда көрсөтүү керек болот.

2025-жылдын 30-июнунан тарта Россияга визасыз режимде кирген чет өлкөлүк жарандар келгенге чейин кеминде 72 саат мурда санариптик каттоодон өтүүгө милдеттүү болушат. Бул "Госуслуги RuID" тиркемесинде жасалышы керек. Өзгөчө кырдаалдарда (мисалы, жакын тууганынын оорусу же өлүмү) арызды кыска мөөнөттө — келгенге чейин төрт саат калганда тапшырууга уруксат берилет.

Тиркемеде арыз тапшыргандан кийин атайын QR-код түзүлөт, ал Россиянын аймагына кирүүдө көрсөтүү үчүн милдеттүү болуп калат.

Кирүүнүн жаңы эрежелери Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Россия визасыз режим жөнүндө келишим түзгөн башка мамлекеттердин жарандарына тиешелүү болот.

Код туура түзүлүшү үчүн чет өлкөлүктөр "Госуслуги RuID" тиркемесинин жеке кабинетинде (тиркемени өзүнүн электрондук түзүлүшүнө жүктөп алуу зарыл) өзү жөнүндө маалыматтарды толтурушу, сүрөтүн жүктөөсү жана өлкөдө болуу мөөнөтүн көрсөтүүсү керек.

Ошондой эле 30-июндан тарта Россиянын бардык чек ара пункттарында биометрикалык маалыматтарды: сүрөт жана манжа издерин чогултушат.

 Эгерде кирүү жөнүндө арыз берилгенден бери 90 күн өтсө, ал эми чет өлкөлүк жаран Россияга кире элек болсо, анда QR-кодду кайрадан алуу керек болот.

 РФга кирүү үчүн QR-кодду кантип алуу керек: кадамдык нускама

*   "Госуслуги RuID" тиркемесинде катталыңыз (ал 30-июнга жакын мобилдик тиркемелер дүкөндөрүндө пайда болот).

*   Жеке профилиңизди толтуруңуз, өзүңүздүн маалыматтарыңызды көрсөтүңүз жана сүрөтүңүздү жүктөңүз.

*   Кирүүгө электрондук арызды толтуруңуз, Россияда болуу максатын жана мөөнөтүн көрсөтүңүз. Бул болжолдуу кирүү күнүнө үч суткадан кечиктирбестен жасалышы керек.

*   QR-код түзүлгөнчө күтө туруңуз жана коопсуздук үчүн экрандын сүрөтүн тартып алыңыз. Чек ара пунктунда интернет менен көйгөйлөр болушу мүмкүн.

*   Чек арада QR-кодду жана паспортту (же инсандыгын тастыктаган башка уруксат берилген документти) көрсөтүңүз.

*   Кирүүдө биометрикалык процедуралардан өтүңүз: сизден сүрөткө түшүүнү жана манжа издерин тапшырууну суранышат.