Путин Ички иштер министрлигине 30-июнга чейин "Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилин" түзүүнү тапшырды

Президент Владимир Путин "Чет өлкөлүк жарандын санариптик профили" маалыматтык ресурсун түзүүнү тапшырды. Тиешелүү жарлык укуктук актылардын расмий порталында жарыяланды.

Документте: "Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, укук тартибин коргоо жана Россия Федерациясынын мамлекеттик миграциялык саясатын өркүндөтүү максатында токтом кылам: Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги 2026-жылдын 30-июнуна чейин "Чет өлкөлүк жарандын санариптик профили" мамлекеттик маалыматтык ресурсун түзүүнү камсыз кылсын", — деп айтылат.

Ресурс Россияга кирген, андан чыккан же бул жерде жашаган бардык чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.

"Чет өлкөлүк жарандын санариптик профилин" түзүүнүн максаты — өлкөдөгү миграциялык абалды баалоо үчүн толук, ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтарды чогултуу.

2024-жылдын 1-декабрынан тарта Россияда чет өлкөлүктөрдөн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча эксперимент башталды. Адегенде бул Москванын Шереметьево, Домодедово, Внуково, Жуковский аэропортторунда жана Оренбург облусундагы "Маштаково" өткөрүү пунктунда жасалган. 2025-жылдын 30-июнунан тарта бул режим мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын бардыгында иштей баштады. Талаптар Беларуссиянын жарандарына, дипломатиялык миссиялардын башчыларына жана кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө тиешелүү эмес.