РИА Новости агенттигинин маалыматына ылайык, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова 2024-жылы Россияга 6 миллиондон ашык мигрант келгенин билдирди.
"Өткөн жылы Россияга 6,3 миллион чет элдик жаран келген. Алардын жарымына жакыны, 3 миллиондон ашыгы жумушка орношуу максатында келген", — деди Казакова.
ИИМдин маалыматы боюнча, мигранттардын жалпы санынын 23,3 пайызын Өзбекстандан келгендер түзөт, башкача айтканда, өткөн жылы Россияга 1 миллион 467 миңге жакын өзбекстандык келген. Тажикстандан — 16,7 пайызы (1 миллион 50 миң), Кыргызстандан — 10,4 пайызы (655 миң), ал эми Беларусиядан — 9,5 пайызы (598 миң).